Бишкекте ШКУнун коопсуздук кеңешинин катчыларынын 8-жыйыны башталды

Шанхай кызматташтык уюмунун коопсуздук кеңешинин катчыларынын 8-жыйыны бүгүн, 29-апрелде Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында башталды. Маалыматка ылайык, жыйында аймактык коопсуздук жана ШКУнун алкагында кызматташуу маселелери талкууланат. Ошондой эле аталган уюмга кирген Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай жана Тажикстан өлкөлөрүнүн ортосунда терроризм, сепаратизм, экстремизм жана баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу маселелер боюнча пикир алмашуу болмокчу. Аны менен катар ШКУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын 9-жыйынын өткөрүү убагы жана орду аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан