ЖЫЛНААМА, 24-ЯНВАРЬ: 129 жыл мурун белгилүү немис авиаконструктору Эрнст Хейнкель төрөлгөн

Мындан 129 жыл мурун, 1888-жылы 24-январда немис авиаконструктору, "Heinkel" компаниясынын негиздөөчүсү Эрнст Хейнкель Германиянын Грунбах коммунасында туулган. Ал 1907-1911-жылдары Штутгарттагы жогорку техникалык окуу жайда билим алган. 1909-жылы Франкфуртта өткөн эл аралык авиациялык жарманкеге баргандан кийин анын учак курууга болгон кызыгуусу күч алган. Ошондон кийин арты-артынан учактын түрүн ойлоп таап, аны иш жүзүнө ашыра баштайт. I Дүйнөлүк согуш убагында атайын согушта колдонууга ыңгайлашкан учактардын 30дан ашык түрүн ойлоп тапкан. Ал эми согуш бүткөндө мотоцикл, мотороллер жана шайтан арабаларды жасаган. Э.Хейнкель 1958-жылы 30-январда көз жумган.

24-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан