30-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Бул чектөөлөр тиешелүү суу тосмолорун оңдоо иштерине байланыштуу болот. “Бишкек суу-канал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн аталган жаңы конуштардын жашоочуларынан кечирим сурайт.