ЖЫЛНААМА, 25-ЯНВАРЬ: Белгилүү орусиялык телеалпаруучу Дмитрий Шепелев 34 жашка толду

Белгилүү орусиялык телеалпаруучу Дмитрий Шепелев 34 жашка толду. Ал 1983-жылы 25-январда Беларустун Минск шаарында туулган. Дмитрий 20 жашында эле Минскте ди-джей катары көп ийгиликтерге жеткен. 2004-жылы Украинадагы музыкалык каналдан чакыруу алып, ал жакта бир канча шоу-программаларды алып барган. Атактуулукту ага Украинадагы "Жылдыздар фабрикасы" долбоору алып келген. Дал ошол убакта ага Орусиянын "Биринчи каналы" көңүл буруп, 2009-жылы Дмитрийди өз колуна алган. ОРТ каналынан көпчүлүк сүйүп көргөн "Даңк мүнөтү", "Республика кенчи" телеберүүлөрүнүн алып баруучусу катары иштеген. Учурда дагы Д.Шепелев Орусиянын белгилүү телекөрсөтүүлөрүн чеберчилик менен алып барат.

2011-жылдан тарта Д.Шепелев белгилүү ырчы Жанна Фриске менен сүйүү мамилесин кура баштаган. 2013-жылы экөөнүн ортосунда Платон аттуу уулу төрөлгөн. 2015-жылы Ж.Фриске рак илдетинен улам көз жумган. Ырчы менен коштошуу зыйнаты болуп жаткан кезде Шепелев уулу менен Болгариядагы Бургас шаарында эле. Бул кырдаал орус коомчулугунда терс пикирлерди жараткан. 2016-жылдын аягында Дмитрий Шепелев жаңы мамиле курушу мүмкүн экенин айткан.

25-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан