Сасык тумоого чалдыккандардын саны 5 пайызга жогорулады

Сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирустун эпидемиологиялык абалы туруктуу, ооруга чалдыккандардын саны 5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

"Жума сайын өткөрүлчү мониторингге ылайык, ооруга чалдыккандардын саны 5 пайызга жогорулады. Эгер 2017-жылдын 2-жумасында өлкө боюнча сасык тумоо белгилери менен 7479 кайрылуу болсо, 3-жумада 7860 кайрылуу болгон", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, ооругандардын саны Ысык-Көл облусунда (69 пайызга өскөн), Баткенде (48,8 пайыз) жана Чүйдө (29,4 пайыз) өскөн. Мектептерде жана бала бакчаларда балдардын келүүсү боюнча мониторинг жүргүзүү уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан