ЖЫЛНААМА, 25-ЯНВАРЬ: Белгилүү америкалык ырчы Алиша Киз 36 жашка толду

Белгилүү америкалык ырчы, пианист, акын жана композитор Алиша Киз 36 жашка толду. Ал 1981-жылы 25-январда Нью-Йоркто туулган. 16 жашында Колумбия университетине тапшырып, эки аптадан кийин ырчылык карьерасы үчүн окуусун таштаган. Ритм-энд-блюз, соул жана неосоул стилдеринде ырдаган Алиша Киз көптөгөн сыйлыктардын ээси. Мисалга алсак, "American Music Awards" сыйлыгына 5 жолу татыса, "Billboard Music Awards" сыйлыгына 10 жолу жеткен, "MTV Video Music Awards" сыйлыгынын 4 жолку ээси. Андан сырткары Алиша 14 "Грэммини" өз капчыгына салган.

2010-жылы жайында А.Киз белгилүү актёр жана композитор Свизз Битцке турмушка чыккан. Бир нече ай өткөн соң жылдыздар Египет Дауд Дин аттуу уулдуу болушкан. Ырчы өз уулунан тышкары жолдошунун мурдагы никесинен 3 баланы тарбиялайт.

25-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан