Нарын облусуна 20дан ашуун ветеринардык клиника куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов облустук коллегияда билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы эки жылда 9 ветеринардык клиника курулган. Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар жетекчилерге эскертүү, айрымдарына сөгүш берилген.
"Келечекте 20дан ашуун ветклиника куруу пландалууда. Ал эми этти экспортко чыгаруу үчүн 2 логистикалык борбор куруу пландалып, бардык тийиштүү документтер даярдалганына карабастан, каржылоо маселеси чечилбей жатат", - деди Кайыпов.