Кувейтте комедиялык көрсөтүүнүн алып баруучусу түз эфирде келген коногуна бензин чачып өрттөп жиберген. Ал шоунун катышуучусун "Инстаграмдагы эң бакырчаак адам" деп атаган. Конокко өрт коюлары менен тартуучу топ аны дароо өчүргөн.
Алып баруучу өрттөлгөн адам эч кандай ооруксунууну сезбегенин, анткени анын денесине коргоочу крем сүйкөлгөнүн айткан. Бирок ага карабай көрүүчүлөр адам өмүрүнө зыян келтириши мүмкүн болгон коркунучтуу трюкту ишке ашырганы үчүн алып баруучуну жазалоо керектигин билдиришкен.