Мындан 70 жыл мурун, 1947-жылы 25-январда америкалык мафиянын "атасы", белгилүү гангстер Аль Капоне 48 жашында көз жумган. "Чикагонун кожоюну" атка конгон колго түшкүс америкалык гангстер 1947-жылы 21-январда инсультка кабылган. Андан тез эле өзүнө келип, бирок 24-январь күнү ага пневмония диагнозу коюлган. Бир күндөн кийин Аль Капоненин жүрөгү токтоп, каза болгон.
Легендарлуу бандиттин жашоосу тууралуу бир нече тасма тартылган. Алардын катарында "Капоне" (1975), "Кол тийбестер" (1987), "Диллинжер жана Капоне" (1995), "Аль Капоненин жигиттери" (2002) жана башкалар бар.
Капоне 1899-жылы 17-январда Италиянын Неаполь шаарында жарык дүйнөгө келген. Кийинчерээк анын үй-бүлөсү АКШга көчүп барган. 6-классында банданын толук кандуу мүчөсү болуп, өзүнүн районундагы көчөлөргө ээлик кылып, кайтара баштаган. 16 жашында мектепти таштап, дарыканаларда, боулинг-клубда иштеп, өзүн ар тараптан өнүктүргөн. Бош убактысында куралдар менен машыгып, бычак менен күрөшүү өнөрүн өздөштүргөн. 1931-жылы 16-июнда өзү, байкеси жана башка 68 гангстер соттолуп, 5 жыл абакта отурган.
А.Капоне уюшкан кылмыштуу топтун көрүнүктүү өкүлү болуу менен катар жумушсуз жарандар үчүн акысыз ашканалар тармагын ачып, кайрымдуулук менен дагы алектенген. Ал "рэкет" деген түшүнүктү калыптандырган. 1929-жылдын 12-майында Атлантик-Сити шаарындагы "Президент" мейманканасында мафия "боссторунун" жалпы улуттук жыйыны болгон. Аны Аль Капоне уюштурган. Негизги максаты жөнү жок кан төгүүнү жоюп, ынтымакка келүү, бир уюмга биригип, бардык маселени чогуу чечүүгө жетишүү болгон.
25-январга карата жылнаама.