Бүгүнкү күндө чет өлкөдө эмгектенген мекендештерибиз арбын. Алардын айрымдары жергебиздеги жумушсуздуктун айынан чет өлкөгө кетишсе, айрымдары эл-жер көрүүнү самагандар. Мына ушундай саякаттын сүйүүчүлөрүнүн тизмесин Алтынай Исакова да толуктайт. Ал Таиланддагы мейманканаларда 2 жыл иштеген. Анын айтымында, ал студент кезинен эле Кыргыз жергесин кыдырып, туристтер менен иштешчү. Алгач өз мекенинде иштеп, окуусун бүткөн соң Таиланддын түштүк жагындагы Пхукет аймагына барган.
Пхукет аралы дүйнөгө деңиз курорту катары белгилүү, анын укмуштуудай кум жээктери, кумунун майдалыгы көпчүлүктү суктандырат. Аралды Инд океанынын Андаман деңизи курчап турат. Жергиликтүү тургундар илгери калай жана каучук өндүрүп тиричилик кылышса, азыр негизинен туризм тармагы менен алектенишет.
ЭЛЕКТР МЕШИНЕН УРГАНДАЙ ЫСЫК ЖЕЛ
"Алгач эле учактан чыкканда электр мешинин оозу ачылгандай ысык жел урду. Жерге түшкөндө мен иштей турган мейманкананын кызматкерлери тосуп алышты. Ага чейин менин англис тилим начар деп ойлочумун, бирок алгачкы жолу тайлыктардын англисче сүйлөгөнүн угуп, өзүмө ыраазы болгом. Аба ырайы ысык болгондуктан, суусап, мейманканага кирер замат Кыргыз өлкөсүнүкүндөй эле көрүп, крандагы суудан иче коюп көңүлүм айланган. Суусунум канбай, ысып, чарчап, 2 күн бою уктаптырмын. Кечинде ойгонуп, терезени ачканда, деңизден келген желден эс алдым. Пхукет аралындагы мейманканалардын көпчүлүгүндө конокторду кабыл алчу жай сырт жагында болот. Мен алгач 6 ай бою ошол жерде, күндүн ысыгында иштеп жатканымды элестетип чочулаганым менен, бат эле көнүп кеттим. Кызыгы, тайлыктар деңизге түшүшпөйт, бирок деңиз аябай туздуу экен. Алгачкы жолу түшкөнүмдө жутуп алып чакап, муунгам", - дейт А.Исакова.
КАБАГЫМ-КАШЫМ ДЕБЕГЕН МЕЙМАНДОС КЕЛГЕН ТАЙЛЫКТАР
Тайлыктар негизинен жөнөкөй, токтоо жана меймандос келишет экен. Ошондуктан мен аларга бат көнүп, алардын арасынан досторду таба алдым. Биз маселе жаралса, аны чечмейин кечке ойлонуп, кабагыбызды бүркөп же бирөө бизге сын айтып, жумушубузга нааразы болсо, өзүбүзгө орун таппай чуркап калабыз. Тайлыктарда андай жок, алар баарына шүгүр кылып, ар кайсыны ойлоно беришпейт, балким, бул алардын буддизм динин карманып, медитацияда көп болушканынан го... Ар бир күндү кубануу менен тосуп, жыргал күндөрдү өткөрүүгө умтулушат, буга чайыттай тийген күн таасирин берет окшойт. Таиланддан тышкары Сингапур, Малайзия, Вьетнам, Камбоджа, Түркияга да бардым, бирок тайлыктардыкындай меймандостукту, жөнөкөйлүктү жолуктурган жокмун.Алар ушунчалык жөнөкөй болушкандыктан, үйлөнүү тойлорун да өзгөчө шаң менен белгилешпейт. Мен да ушундай тойлордун бирине күбө болдум. Той ээлери үйлөнүү тойго улуттук кийим кийишет. Дасторкон дагы чоң болуп жайылбайт. Нике кыйылчу жайга бир аз эле даамдар коюлат жана конокторго алкоголсуз ичимдик берилет. Коноктор да жасанбай эле барышат. Ал жактан эмне кийип жүргөнүңө деле көңүл бурулбайт. Мисалы, мен бир алган кийимимди 2 жыл бою кийип жүрдүм, мага эч ким кийимим тууралуу сөз да айткан жок. Албетте, шаарларда модадан калбай кийингендер көп.
Тайлыктардын дагы бир өзгөчөлүгү - алар тамактанууну жакшы көрүшөт. Даамдуу тамак-ашты ырахаттануу менен жешет. Тамакты бир отуруп тоё жеп алышпайт, аз-аздан, бирок бат-баттан тамактанышат. Менин байкашымча, тамак-ашка көп каражат коротушат. Каякка барышпасын, жанына бир аз да болсо тамак салып жөнөшөт. Көбүнчө деңиз азыктарын, жер-жемиштерди колдонушат.
Ал эми үйлөрү чоң эмес, кайра эле жөнөкөй. Мындан улам алардын байлык-мансапка көп деле умтула бербегенин байкаса болот.
АК ТЕРИЛҮҮ БОЛГУСУ КЕЛГЕН ТАЙ ЭЛИНИН ЖАЗЫЛБАГАН МЫЙЗАМДАРЫ
Таиландда теринин актыгы - ак сөөктүктүн белгиси. Канчалык ак терилүү болсоңуз, ошончолук ийгиликтүү, асыл деп эсептелесиз. Көптөгөн тайлыктар күндөн коргонушат. Мындан улам ал жакта агартуу өндүрүшү күч алган. Бет майынан тарта самындарына чейин агартуучу заттарга толгон. Мен көнгөнүмдөй эле күнгө күйүп жатсам, досторум "күйүп каласың, күйбө" дей беришчү. Ал жакта күнгө бир калыпта күйөсүң жана күйгөнүң көп убакка чейин сакталат.
Таиландда жазылбаган мыйзамдар бар. Алардын бири жергиликтүү тургундарга эс алуучу жайлар же бекер болот, же арзандатуу менен. Айрым жайлар бир гана жергиликтүү тургундар үчүн, ал жакка чет элдиктерди киргизишпейт. Бирок мен тайлыктарга окшошуп кеткендиктен, аларга кошулуп кирип кетчүмүн.
Дагы бир жазылбаган мыйзам - Таиланддын падышасы жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу жаман сөз сүйлөбөш керек. Алар падышасына өзгөчө сый-урмат менен мамиле жасап, жакшы көрүшөрүн айтышат. Жадакалса анын элеси түшүрүлгөн акчаны да, этияттык менен сакташат. Эгер ал түшүрүлгөн банкнотту чийип алсаңыз да тайлыктар жаман көрүшөт. Чет элдиктер падыша тууралуу жаман сөз айтышса, жергиликтүүлөр менен чыр чыгып, полиция кызматкерлери тарабынан кармалып калышы мүмкүн. Буга чейин падышасынын көзү өткөндө кадимкидей кайгыга батып, ыйлашты.
Дагы айта кетчү нерсе, Таиланддын полиция кызматкерлерине колдон келишинче кабылбоо керек. Эгер кармалып калсаңыз, убактылуу кармоочу жайына чейин жетпей, эптеп чыгып кетүүнүн амалын табыңыз. Коррупция өнүккөн дебейм, бирок чыгып кетсе болот. Кармоочу жайга киргизилсе, чыгыш оор болот. Чет элдиктердин, өзгөчө европалыктардын көбү эле түшүп калганын укчубуз, көптөгөн машакаттуу иштерден кийин гана коё берилишчү. Тартипти сактап, жергиликтүү элдин салтын сыйласа, баары жакшы болот.
BANGLA ROAD - БУЗУКУЛУК КӨЧӨСҮ
Таиландда дүйнө жүзүнө белгилүү Уолкинг стрит (англ. Walking street) көчөсү бар, ал эми Пхукетте ага окшогон Bangla road бар. Ар кандай оюн-зоок жайларга, артисттерге, трансвеститтерге бай болгон бул көчө кечкисин унаалар үчүн жабылат.
Жогорудагы сүрөттө өзгөчө жасанып суйкайып эки жагымда турган эки кыздын кайсынысы эркек? Мен экөөнү тең кыз деп эле ойлогом. Көрсө, экөө тең эркектер экен. Ал жакта чынында эле трансвеститтер көп, тайлыктар аларды жаман көрүп, мазактап, жемешелпейт. Алар үчүн бул кадимки көрүнүш. Трансвеститтер ачыкка чыккандан да коркушпайт. Кээ бири ушунчалык сулуу болушат, эркек деп да ойлобойсуң. Медицина өнүккөндүктөн, операциялар арзан тургандыктан, жынысын алмаштыргандар көп. Турситтердин көбү дүйнөнүн булуң-бурчунан атайын ушуларды көрөбүз деп келишет.
ТАИЛАНД ЭМНЕСИ МЕНЕН ЭСТЕ КАЛЧУДАЙ?
Бул жакта 2 жыл жашап, көп эле эсте каларлык күндөрдү өткөрдүм. Бирок эң көп кубаныч, өзгөчө эмоцияларды алардын Жаңы жылы - Сонгкран тартуулады. Бул майрам 13-апрелден 16-апрелге чейин уланат. Жер-жерлерде Жаңы жылдын белгиси балаты болсо, Таиландда - суу чачышуу. Канчалык көп суу чачсаң, ошончолук көп сооп аласың, сизге канчалык көп суу төгүлсө, ошончолук күнөөлөрүңүз жуулат. Бул күндөрү көчөдө ар бир адамдын колунда сууга толгон оюнчук куралдар же чака болот. Күтпөгөн жерден полиция кызматкери деле үстүңө чака менен суу куюп салат. Сенин маанайың жокпу, ойногуң келбей жатабы, баары бир суу болосуң. Жумушка да суу болуп кирип барсаң эч ким эч нерсе дебейт. Майрам күндөрү баарынын маанайы көтөрүңкү болот. Мен бул майрамды алгачкы жолу тосконумдан кийин экинчисин чыдамсыздык менен күттүм.
"Туулган жериңдин топурагы алтын" деп бекеринен айтылбаптыр, мекенимди, ата-энем, бир туугандарымды сагынып кайра кайттым. Азыр да баргым келет, балким, келечекте барармын. Таиландга саякаттагысы келген жаштарга эч нерседен коркпоону сунуштайм, болгону иштей турган жумушу же эс алуусу тууралуу маалыматты тактап, текшерип алуу керек. Мүмкүн болсо Жер жүзүн кыдыргыла, ар кандай элдерди көргүлө, дос тапкыла. Көптү көргөн адам гана ийгиликке жетише алат", - деп бүтүрдү өз сөзүн каарманыбыз.
Албетте, бул макалабыз менен Таиланд тууралуу баарын айтып бере албайбыз. Жүз жолу укканча, бир жолу көргөн артык, андыктан өз көзүңүз менен көрүшүңүздү каалайбыз.