Бишкек жылуулук ишканасы модернизациялоо иштеринин экинчи этабын жыйынтыктоо алдында турат

Бишкек жылуулук ишканасы модернизациялоо иштеринин экинчи этабын жыйынтыктоо алдында турат. Бул тууралуу модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Биримкулов билдирди.

"От казанды орнотуу иштери бүтүп, колдонууга даярдалууда. 2017-жылдын сентябрь айында жыйынтыкталат. Жаңы курулуп жаткан от казан саатына 710 тонна буу бере алат", - дейт Темирлан Биримкулов.

Маалыматка ылайык, долбоор 2014-жылы июнь айында башталган. Буга чейин иштеп келген 24 эски от казандын ар бири саатына 160 тонна буу иштеп чыкчу.

"Учурда экинчи бөлүктү куруу иштери аяктады. Азыр ар бир тетикти сыноо аракеттери көрүлүп жатат. Курулуш иштерин Кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырууда", - деп билдирди Бишкек жылуулук ишканасынын модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директорунун орун басары Урматбек Мамбетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан