Баткен облусу 2016-жылы 4 миллион сомдон ашуун инвестиция тартты. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Облустун аймагында өнөр жай тармагын өнүктүрүү максатында 2016-жылы 30 ишкана аткарып жаткан ишин активдештире баштаган. Ал эми буга чейин токтоп калган 6 өнөр жай ишканасы кайрадан ишке киргизилди. 2016-жылы 4 миллион 726 миң сом инвестиция тартылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, тартылган инвестицияны ишке ашырууда 1032 долбоор жазылган. Жумшалган каражаттар өнөр жай тармагын өнүктүрүү максатында чыгымдалган.