2012-жылы Кыргызстанда 42 эс алуу сейил багы иштеп, элге кызмат көрсөткөн. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет. Ошондой эле жыл ичинде 257 эс алуу мекемеси жарандарды кабыл алса, 295 ар кандай аттракциондор иштеген. Бул жайлардан түшкөн каражаттын суммасы 36 миллион сомду түзгөн.