СУПЕРСТАН: "Айылга турмушка чыккысы келген шаардык кыздар барбы?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Айылга турмушка чыккысы келген шаардык кыздар барбы?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Азыр айылдагы үйлөр шаардагы үйлөрдөн дурус. Душ, бассейн, ванна, ажаткана, баары бар. Айылда жашаганга эмне жетсин! Мисалы, менин айылым анча-мынча шаарга караганда кыйла дурус. Эмне кааласаң баары бар. Кафе, ресторан, деги койчу, жок нерсенин өзү жок".

"Айыл баары бир айылдыгын кылат. Айыл менен шаарды салыштырганда бир гана үйлөрдү эмес, коммуналдык тейлөөлөр (газ, жылуу суу, интернет жана башка), маданият тармагындагы мекемелер (цирк, театр, филармония, гезит-журнал редакциялары, телерадиокомпаниялардын шаарда жайгашуусу, ар кандай коомдук иш-чаралардын шаарда өткөрүлүүсү), медициналык тез жардам көрсөтүү жана алардын тажрыйбасынын жогорулугу, техникалык шаймандардын жетиштүүлүгү (айылда күтүүсүз катуу ооруп калсаң шаардык ооруканага кайрылууга мажбурсуң), өрт коопсуздугу, авариялык кызматтар, өлкөгө кирген ар кандай жаңылык, жаңы нерсе, кийим-кече, мода, буюмдардын келиши алгач шаарлардан башталуусу, көптөгөн ишканалар, кеңселер, банктар, бузулган нерсени оңдоочу жайлардын шаарда жайгашуусу (мисалы, унааң бузулса, айылдан тетик табылышы кыйын, кымбат баалуу телефон жана башка нерселер бузулса шаарга барып оңдотосуң), жана башка көп тарабынан айырма бар".

"Негизи, бизде дээрлик шаардыктар жок. Баары эле айылдан көчүп келип отурукташып калган".

"Азыр айылдык кыздардын көбү өзүбүздүн шаарларды көрбөй, түз эле Орусияга кетип калып жатышат".

"Азыр айылга жашагысы келген кыздар барбы?" десе "Ким менен?" деген суроо туулат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aliko78
2017-01-25 18:37:49
Тагдыр жазса тоонун чокусуна да уйроносун. Айылга мне жетсин.
+4
tyrgon
2017-01-25 18:43:13
ааламга жол айылдан башталат
+2
Muratmipa
2017-01-25 19:58:36
Иии азыр кайсы айылда интернет жок экен 80% болсо керек интернет
+2
98.doni
2017-01-25 20:51:06
Э Биздин Карача айылында интернет жок beeline,megacom,o го айтып койгулачы келип коюп кетсин,бирок башка нерселер баары жакшы!
0
Seiil.94
2017-01-25 21:02:16
казактар айткандай Бишкек деле айылго жалпак уйлор коп
+6
more22
2017-01-26 00:02:57
Негизи шаар деген эмне? Биздин шаарлар шаар деген намга татыктуубу?
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан