Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Монголияда бир катар өлкөлөрдүн министрлери менен жолугушуу өткөрдү

27-апрелде Монголияда өткөн эл аралык конференцияда Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Норвегиянын Тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде менен жолугушту. Анда министрлер соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-норвегия кызматташтыгын активдештирүү маанилүү экендигин белгилешти. Ошондой эле Абдылдаев Словакиянын Тышкы иштер министри Мирослав Лайчак менен да жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүү учурунда тараптар өлкөлөр ортосунда укуктук-келишимдик базаны бекемдөө маселелерине басым жасашты. Өз учурунда Лайчак Эрлан Абдылдаевди атайын иш сапары менен Словакия мамлекетине келип кетүүгө чакырып, чарбалык, банк системи, мамлекеттик башкаруу жана башка чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан