2012-жылы Кыргызстандагы ишканаларда жана мекемелерде 112 миң 483 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет. Алардын ичинен 2,8 миң орун кичи ишканаларда пайда болгон. Бул көрсөткүч жалпы жумуш орундарынын 36,6 пайызын түзөт. Ал эми жеке ишканаларда былтыр 104,9 миң жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Жаңы жумуш орундарынын көпчүлүгү Чүй облусуна (25,9 пайыз), Бишкек шаарына (22,9 пайыз) жана Жалал-Абад облусуна (21,6 пайыз) туура келген.