Өзбекстандын президенти 2 кыргыз активистин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 2 кыргыз активистин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Өзбекстандын Интернационалдык маданий борборунун 25 жылдыгына карата өткөн салтанаттуу иш-чаранын алкагында президент улуттук маданий борборлорунун өкүлдөрү менен жолуккан. Алардын арасында кыргыз маданий борборлорунун өкүлдөрү да болгон. Андижан облусунун Кыргыз улуттук борборунун активисти, Жалалкуд районундагы №27-орто билим берүүчү мектептин директору Үмүтхан Маматалиева Достук ордени, ал эми ушул эле борбордун "Сулуу кыз" ансамблинин көркөм жетекчиси Нуртажи Халибаева Даңк медалы менен сыйланганы маалым болду.
1992-жылдан бери Өзбекстанда 137 улуттук маданий борбор иштеп келет.
Жакшы кабарго бирок бизде озбектер парламентте отуратко)))
+17
a.m.akmoldoev
2017-01-26 08:50:13
Жакшы жакшы
+8
briliant87
2017-01-26 09:14:31
Мм
+1
Keremet008
2017-01-26 09:29:37
Ошондо Кыргызстандык озбекчкалар бп калабы?
-7
munduz2016
2017-01-26 09:31:11
узбекстандык кыргыздар болот.
+14
argen.kg4
2017-01-26 09:57:59
Мирзиеев акылдуу президент ондонот.Кошуна мамлекеттерди,Озбекстандагы башка улуттарды ынтымакка ундоп жатат.Жакында абактан да коп адамды амнистия менен чыгарды.Каримовдун атын атоодон да чочуган адамдар Мирзиеев Каракалпакстанга барганда селфи тушуп жатышты.
+13
arzygulR
2017-01-26 12:30:35
Озбектер куу келет чынында
+4
Kakaly
2017-01-26 22:52:02
Кыргызстан бербеген орденди Озбекстан бериптир. Жакшы!!!! Колдогу алтындын баркы жок да
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.