Түркмөнстандын Ашхабад шаарында жергиликтүү бийлик борбордук көчөдөгү жүздөгөн турак үйлөрдү бузууну баштады. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик жашоочуларга күн мурунтан үйлөрдү бошотуу талабын коюп эскертүү берген эмес. Үйлөрү бузулган тургундарга жаңы турак жай бөлүп берүү маселеси чечилгенче туугандарыныкында жашап туруу буйругу берилген. Айрым жашоочуларга башка райондордогу батирлерде жашап туруу сунушу айтылган. Ал эми алар жаңы үйлөрдө убактылуу жашоодо бөлмөлөрдү кыш чилдесинде жылытуу көйгөй жаратып жатканын айтышкан.
Бийликтин мындай кадамы шаарды көрктөндүрүү долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. Үйсүз калган жарандар курулуш материалдарын жана айрым буюмдарын арзан баада сатууга аргасыз болушкан.