Кыргыз жергесиндеги 1604 бала бакчанын 197си мыйзамсыз менчиктештирилген, 271и максатсыз пайдаланылууда

1991-жылы Кыргыз жергесинде 1604 бала бакча болгон. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов билдирди.

Анын айтымында, 25 жыл ичинде 197 бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилген, 271 бала бакча максатсыз пайдаланылууда. "Прокурордук чара көрүүнүн жана доо арыздардын негизинде 65 бала бакчанын имараты кайтарылган, 39 доо арыз канааттандырылган жок, 23 доо арыз кароо стадиясында, 44 арыздын негизинде кылмыш иши козголгон", - деди Токтогулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maratik.0708
2017-01-26 11:03:10
Журо бергиле бар нерсени да алдырып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан