Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 29-апрелдеги жыйынында "Жер тилкелерин которуу жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Мыйзам долбоор тууралуу депутат Эсенгул Исаков баяндама жасап, долбоордун артыкчылыктарын айтып берди. Эл өкүлүнүн айтымында, бул мыйзам кабыл алынса, 2009-жылга чейин курулган үйлөрдүн кожоюндары турак-жайын мыйзамдаштырат. Ошондой эле мыйзам долбоордо жерди которуу боюнча 2009-жылкы мораторийди жокко чыгарган норма алынууда.
"Биз мораторийди калтырууну чечтик. Мыйзам боюнча Бишкек жана Ош шаарынын четиндеги тургундар 2009-жылга чейин курулган үйлөрүн мыйзамдаштыра алышат. Ал эми 2009-жылдан кийин басып алынган жерлер боюнча документтер укук коргоо органдарына берилет, алардын чечими менен мыйзамдаштырылат",- деди депутат.
Мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатат.