Өлкө аймагына бүгүн бодо малды паспорттоштуруу үчүн 300 миң даана бирка келип түшөт

Өлкө аймагына бүгүн бодо мал үчүн 300 миң даана эн белги келип түшөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда малга эн белги сатып алуу ишин жүргүзүп жаткан "Ньюс тар" компаниясынын башчысы Рахат Конокбаев билдирди.

"Малга эн белги сатып алуу аракетин көрүп жатабыз. Буга чейин 100 миң даана алынып келинген эле, бүгүн дагы 300 миң даана бирка келип түшөт. Кийинкисине 316 миң даана бирка келет. Буга чейин пилоттук долбоор менен Ысык-Ата районунда алгачкылардан болуп бодо малга эн белги тагуу иштери башталса, учурда өлкөнүн түштүк аймактарында да жүрүп жатат", - деп билдирди Конокбаев.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн түштүк аймагында бодо малга 100 миң бирка тагылып, паспорттоштурулду.

Белгилүү болгондой, буга чейин малга бирка сатып алуу боюнча тендерге катышкан компаниялар ортосунда чыр чыгып, соттошууга барышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kroxa
2017-01-26 13:59:43
Ушунун эмне кереги бар калп эле элден акча ондуруп??воопще карапайым элдин малы менен кандай чатагынар бар эми биркасын сатып алганга да акча соросунар да...
+5
realliver
2017-01-26 14:31:07
Бирка болбогон нерсе. Мындан 3-4 жыл мурун тагып кетишкен уйлардын кулагына, 1 ай болбой атып тушуп калган
+1
Akmatov1990
2017-01-26 14:43:22
мен бирка такканга кошулам. бул олконун онугушуно уурулуктун жоюлушуна жана малдын денсоолугуна кам коруу жугуштуу оорулардын жоюлушуна себепкер боло алат . азыр ортодо алып сатар байып атат карапайым эл пайда коро албай атат.
-2
saparu
2017-01-26 16:31:24
Биз жакда малдар шактын арасында журот тез эле шакка илинип тушуп калат болуш керек
+1
bekiw.801
2017-01-26 18:46:07
Ушул бирканы сатып алып келишпей эле озубуздо чыгарсак болот. Жумуш орундар тузулот. Арзан болот. Акча озубуздо калат. Биздин эшекке минерлер алып сатып соода кылышып алышты.
+2
Joomartbek
2017-01-26 21:57:26
Кара-Буура районуна качан жетет? Мен каршы эмесмин бул долбоорго..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан