2016-жылы 5-июлда Жалал-Абад облусунун 56 жаштагы тургуну, А.Г.А. аттуу аялга уруксаты жок операция жасаган табып азыр да дарылоо менен алек болуп жатканын Жогорку Кеңештеги жыйында депутат Ирина Карамушкина айтты.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Көк-Жар турак жайындагы Ак-Босого көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде А.Г.А. табып Хашим Зайналиевдин дарылоосунан өтүп жаткан. Операция жасалып жатканда жерине барган "Тез жардам" кызматкерлери бейтаптын төшү кесилип, ал каза болгонун билдиришкен.
Бүгүн, 26-январда депутат ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдон табыпка кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы тууралуу суроо берди. К.Асанов жогорудагы факт боюнча иш сотко жиберилгенин, бирок жабыр тарткандардан арыз түшпөгөнүн билдирди.
Белгилесек, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, табып лицензиясыз иштегени, анын эч кандай медициналык билими жок экени аныкталып, материалдар укук коргоо органдарына берилген.