Бүгүн, 26-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт. Өлкөнү чейрек кылымдан ашуун убакыт башкарып келаткан 76 жаштагы президент Нурсултан Назарбаев өз ыйгарым укуктарын парламент жана өкмөт менен бөлүшкөнү жатат. Демилгенин автору - президент өзү. Анын сунушу боюнча, мамлекет башчы тышкы саясат, улуттук коопсуздук жана өлкөнү коргоо багыттарына жоопкер бойдон калат. Казакстан Кыргыз Республикасын улай Конституциясын референдум аркылуу өзгөртүп, президенттин ыйгарым укуктарын азайтып, өкмөт башчынын бийлигин, парламенттин аткаруучу бийликке көзөмөлүн күчтөндүрмөкчү.
Акыркы жолу Казакстанда президенттик шайлоо 2015-жылы өткөн. Анда Нурсултан Назарбаев 97,7 пайыз добуш алып, бийлигин бекемдеген. 2020-жылга чейин президенттикте турууга укугу бар. Бул мөөнөтү бүткүчө Назарбаев 80 жашка чыгат. Кийинки мөөнөткө барар-барбасы белгисиз, конституциялык реформаларды жүргүзүү аракети ушундан улам болушу мүмкүн. Казакстан парламенти 107 депутаттан турат. 2016-жылдагы парламенттик шайлоодо Назарбаевдин "Нур Отан" партиясы Мажилисте 84 мандатка ээ болгон, калган эки партия: "Ак жол" жана Коммунисттер партиясы 7ден мандат ээлеген. Буга чейинки окуялар көрсөткөндөй, коңшу өлкөдө президент демилгелеген долбоорлор сөзсүз ишке ашат. Андыктан Конституцияны өзгөртүү аракетине ашыкча тоскоолдук жаралары күтүлбөйт. Кыргыз Республикасына салыштырмалуу Казакстанда президентке каршы ашынган күчтүү оппозиция жок. Казакстандагы конституциялык реформа Кыргыз өлкөсүнө канчалык таасир этет? Кыргыз мамлекети үчүн Казакстандын тышкы саясаты маанилүү. Азыркы учурда Кыргыз мамлекети ЕАЭБдеги өнөктөш катары коңшу өлкөдөн чек арадагы ветеринардык көзөмөл көйгөйүн чечүүнү күтүүдө. Бирок казак тарап убадаланган жеңилдикти 2 жылдан бери бербей создуктуруп жатат. Кыргыз өлкөсү үчүн Нурсултан Назарбаевдин ордуна ким келери да маанилүү. Азырынча Назарбаев мураскер катары кимди даярдап жатканы билине элек. Назарбаевден кийинки Казакстандын тагдыры көпчүлүктү кызыктырган суроо. Бул жолку Баш мыйзамды өзгөртүү аракети Казакстандын жакынкы жылдардагы келечегине кам көрүүгө байланыштуу десе болот...
Кыргыз жеринде кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң куб сантиметрден жогору жеңил автоунааларга салык 2-4 эсе көтөрүлүшү мүмкүн. Тийиштүү мыйзам долбоорун өкмөт сунуштап, парламентте 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. Өкмөт муну менен республикалык бюджетти толтурууну көздөөдө. Мисалы, өлкөдө көбүнчө капчыктуулар минген Лексус 470 (2012-жылы чыгарылганы) үлгүсүндөгү жол тандабаска азыркы мыйзам боюнча 4230 сом салык төлөнөт. Эгерде өкмөт сунуштаган мыйзам күчүнө кирсе, анда бул унаага жыл сайын 16 920 сомдон салык алына баштайт. Унаанын кыймылдаткычынын көлөмү канчалык жогорулаган сайын салык да жогорулай берет. Бул аракеттен бюджетке кошумча 180 миллион сом түшөрү айтылууда. Демилгечилердин айтымында, 80-100 миң долларлык автоунааны сатып алууга күчү жеткен адамдар үчүн жылына 250 доллардан салык төлөп туруу маселе жаратпайт. Жогорку Кеңеште отурган 120 депутаттын көбү заводдон жаңы чыккан жана кыймылдыткычтарынын көлөмү ири жол тандабастарды айдап жүрүшкөнү сыр эмес. Мыйзамга каршы чыккан депутаттар да болду, алар салык төлөө кыйынчылык жаратат деп айтпаганы менен, башка жагдайларды белгилешти. Алар Кыргыз Республикасы тоолуу аймак экенин, тоо-ташта жүрүүгө кыймылдаткычынын көлөмү жогору унаалар гана жарай турганын баса белгилешти. Айрым депутаттар салыкты көтөрүү базардагы баалардын өсүшүнө таасир этерин айтышты.
Байлардын эсебинен бюджетти толтурууну максат кылганы менен, бул акча төлөнөбү, төлөнбөйбү башка маселе. Экономика министри Арзыбек Кожошев өлкөдөгү унаалардын ээлеринин 13 пайызы салык төлөбөй жатканын моюнга алды. Белгилүү болгондой, унаага салык төлөнгөн-төлөнбөгөнүн МАИнин кызматкерлери текшеришет. МАИчилердин күчү жөнөкөй айдоочуларга жетери талашсыз, бирок айнектери караңгылатылган унаа минишкен чиновниктерге, алардын дос-тааныштарына, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө күчү жетиши күмөн. Анын үстүнө кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубдан жогору, бирок жөнөкөй адамдар сатып алууга мүмкүнчүлүгү жете турган унаалар деле толтура. Мисалы, Хонда Одиссей унаасы. Бул унаанын базардагы баасы учурда 3 миң доллардын тегерегинде. Орто кирешелүү жашаган адам бул унааны сатып алса болот. 3 миң долларлык автоунаа үчүн бул адам мамлекетке 7000 сомдон ашык салык төлөшү керек болот. Мыйзам күчүнө кирсе, салык төлөтүү талабы депутаттарга, чиновниктерге иштебей, баягы эле карапайым элдин жонуна түшкөн кыйынчылык болушу мүмкүн. Автоунаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө эмес, анын эски-жаңылыгына, экологияга канчалык зыян келтирерине карап салык салуу логикалуу болмок...