Алмамбет Шыкмаматов: “Китепканачылардын статусун мугалимдердикине теңөө керек”

Китепканачылардын статусун мугалимдердикине теңөөнү 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов сунуштады. Айтымында, китепканаларды жөнгө салган жаңы мыйзам иштеп чыгуу зарылдыгы бар. “Айыл жергесинде китепканалардын абалы өтө начар. Ошондуктан китепканаларды жөнгө салган жаңы мыйзам иштеп чыгуу керек. Китепканачылардын айлыгын мугалимдердикине теңөө зарыл”, - дейт эл өкүлү.

Депутат маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковго бул боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуштады. “Жумушчу топко кирип, башынан аягына чейин иштеп бергенге даярмын. Китепканаларга көңүл бурбасак, жоготуп алышыбыз мүмкүн”, - деди ал.

Эске салсак, бүгүн, 26-январда парламентте "Өкмөттүк күн" жыйыны өтүп, анда социалдык маселелер талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан