"Бул багытта биз активдүү иш алып барышыбыз керек. Ошондой эле коңшуларды да чек ара көйгөйүн чечүүдө тыгыз кызматташууга чакырам. Чек арадагы туруктуулук бизге кандай керек болсо, коңшу өлкөлөргө да ушундай эле зарыл. Талаш жерлер такталмайынча мындай конфликттер улана берет",- деди өкмөт башчы.
Өкмөт башчы ошондой эле 2013-2014-жылга карата Баткен облусунун социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө 371 миллион сом каралганын белгиледи. Бул каражаттын алгачкы бөлүгүнө облустун Чарбак айылына ФАП, чек ара бекеттери курулганын жана Айгүл-Таш - Согмент - Чарбак -Таян унаа жолунун курулуш иштери жүрүп жатканын кошумчалады.