Бишкектин көчөлөрүнүн аттарынын туура эмес жазылышы көптөгөн окурмандарыбызды кош көңүл калтырбайт. Бүгүн, 26-январда "Элдик кабар" рубрикасына көчөнүн аталышы жазылган такталарда акын, драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин, окумуштуу Касым Тыныстановдун ысымы туура эмес жазылганы жарыяланган. Борбор шаардагы бул такталарга Капиталдык курулуш башкармалыгы жооптуу экенин "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын басма сөз катчысы Замира Кангелдиева SUPER.KG порталына билдирди.
"Тактадагы каталар тууралуу башкармалыкка билдиребиз. Бүгүн катты даярдап, тиешелүү дарекке жөнөтөбүз. Ката жазылган такталар сөзсүз түрдө алмаштырылат", - деди Замира Кангелдиева.
Эскерте кетсек, Бишкектеги көчөлөрдүн бири комузчу Мураталы Күрөңкеевдин атын алып жүрөт. Бул көчөдө да, кыргыз тилинде жазылган тактада комузчунун ысымы ката менен жазылган.