Нурсултан Назарбаев өлкөнүн Конституциясын өзгөртүүнү демилгеледи

Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Нурсултан Назарбаев жарыялаганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары парламент менен өкмөттүн ортосунда бөлүштүрүлөт. Демилгенин автору - президент өзү. Анын сунушу боюнча, мамлекет башчы тышкы саясат, улуттук коопсуздук жана өлкөнү коргоо багыттарына жоопкер бойдон калат. Ал эми өкмөткө социалдык-экономикалык процесстерди жөнгө салуу, мамлекеттик программаларды бекитүү милдеттери жүктөлөт. Өлкөнүн парламентинин өкмөттү көзөмөлдөө милдети күчөтүлмөкчү.

"Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуулар 2017-жылдын 26-январынан 26-февралына чейин жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан