Балыкчы шаарындагы флагштоктун ордуна башка конструкция коюлат же парашют кездемесинен желек тигилет

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын кире беришиндеги флагштоктун ордуна башка конструкция коюлат же парашют кездемесинен желек тигилет. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда SUPER.KG порталына Балыкчы шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев билдирди.

"Биздин шаарыбыздын катуу шамалы баарына белгилүү. Жөнөкөй кездемеден тигилген желек шамалга чыдабай айрылып жатат. Бул флагштокту курулуш компанияларынын бири орнотуп, кошумча дагы желектерди берген. Тилекке каршы, андан бери желек кайра-кайра айрыла бергендиктен, улам алмаштырып жаттык. Акыркы жолу айрылган желекти алып, эки вариантты карап баштадык. Азыр илип койсок кайра айрылып, шаардын көркү бузулат. Эми парашют кездемесинен желек тиктиребиз же анын ордуна парус түрүндө конструкция орнотуп, флагштокту далдоо жерге көчүрөбүз", - дейт Бейшеналиев.

Учурда башка өлкөлөрдөн шамалга бышык кездемелер каралып жатканын кошумчалады мэриянын басма сөз катчысы.

Эскерте кетсек, бүгүн, 26-январда окурман "Элдик кабар" рубрикасына флагшток желексиз турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shekeev969798
2017-01-26 21:49:21
Тагып эле койгула желекти
-1
lesa123
2017-01-27 10:44:49
жакшы эле акча болунуп, качествосу жакшы ткань илишсе болмок, Бишкектеги Ортосайда тоодо турат го жакшынакай эле болуп. Эми илишсе айрылбаса экен
-1
ramik_87
2017-01-27 10:59:56
Башында эле кыйналбай ошолорду эске алышса болмок
-1
snejinka
2017-01-27 11:07:36
Бир нече жолу айрылып калгандан кийин башкача вариантты караш керек да кайра эле илип-жыртылып калды дей беришпей, же шамал азыраак болуп калат деген ой менен жаңылай беришкенби)
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан