Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун күлүгү 28-апрелде түркмөндөрдүн ат чабыш майрамында 1-орунду ээледи. Күлүктү байгеге президент өзү минип чаап, жыйынтыгында 1-орун үчүн сайылган 11 миллион долларды утуп кетти. Түркмөнстандын маалымат каражаттары жарыялагандай, “Устаттын жарышы” аттуу бул жарышка 7 чабандес катышкан. Бердымухамедов утуп алган байгесин материалдык-техникалык базасын бекемдөө үчүн “Түркмөн аттары” мамлекеттик бирикмесине берерин айткан. Белгилей кетсек, Түркмөнстанда ат чабыш майрамы жыл сайын апрель айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлөт.