25 жыл ичинде Кыргыз Республикасы канча карыз алганы белгилүү болду

Кыргыз Республикасы 1992-жылдан тарта эл аралык уюмдар жана демөөрчүлөр менен 372 насыялык жана гранттык макулдашууларды бекиткен. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын отурумунда вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз өлкөсү 25 жыл ичинде алган насыялардын жана гранттардын жалпы көлөмү 9,2 миллиард долларга барабар. "Бул көлөмдүн 6,7 миллиард доллары (73 пайыз) насыялар, 2,5 миллиард доллары (27 пайыз) гранттар", - деди Панкратов.

"Мамлекеттик инвестициялар алкагында эң ири каржылык жардам көрсөткөн уюмдар - Азия өнүгүү банкы, Бүткүл дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду. Эң көп насыя жана грант берген демөөрчү мамлекеттер - Кытай, Орусия, Япония, Корея жана башкалар", - деп кошумчалады чиновник.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Artur555
2017-01-27 10:40:50
Карызга байып жатып калыппыз да. Карапайым эл чиновниктерди багып жатабыз. Ушунча карызды ким толойт? Элдер чогулуп бардык чиновниктердин мулкторун конфискавать этип карыздан кутулсак болот.
+17
Begim94
2017-01-27 10:41:09
Гранддардын эсеби Кана эмнени кыйратып салдынар карызга алган акчанардын эсеби кайда.Бул карыздарды кантип толойсунор.Максаттуу эч нерсеге пайдалана Албасанар неге аласынар.Ичим орт болуп куйуп атат
+7
KaiMak
2017-01-27 10:41:37
ким толойт эми?
+11
Begim94
2017-01-27 10:44:05
KaiMak,Атабай толомок беле эртенки кундо биз биздин балдар анан калса неберелерибиз толойт
+6
baktybek90
2017-01-27 10:56:16
ечким толобойт толошко коз жетпей калды жерлерди откозуп беретта ме деп
0
imanchik
2017-01-27 11:04:55
Сат сат саат))
0
zhykyo
2017-01-27 11:16:56
Кантип толойбуз блиин же завод фабрика жок же кумтордон алтын корунбойт Кыргызстандын келечеги кандай болот карызга батып кетиптирбизго коркуп кетип жатам
+9
Altyn198
2017-01-27 11:36:43
Кыскасы бийликтегилерди ХХХ
+3
Kyrgyz_KG
2017-01-27 11:42:06
ар бир адамга мин доллардан туура келип калыптырго дейм
+3
ulchana
2017-01-27 13:26:00
Ушинтьип алына берет дагын акырын да Мамлекетти откоруп берип оздору чет жака качып кетпесе болду мына жеп-жуутарлар.Кудай сактасын тоооа
0
Bubu88
2017-01-27 15:32:48
ulchana, оюн өтө жаман экен тууган тооба деп келечеке карай жакшы ойлорду ойлон
0
ulchana
2017-01-27 20:19:42
Bubu88,Жакшылап окуусан тооба деп жазылып турат.Анан эмне деп жазыш кк жанын кыйналып талаалап иштеп айылга жетпей журсон.Ким эле каалабасын келечекте КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕКТЕ онугуп,осуусун.
0
tyrgon
2017-01-27 22:19:19
биздин окмотто очошу канына синген тигинден эмнем кем деп. ((((
0
Chimgen
2017-01-28 02:06:49
Садыр жапаровду колдойлу туугандар. Анын планын ишке ашыралы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан