"Элдик видео" бөлүмүнө "Сууга аккан итти башка ит куткарды" деген аталышта видео жүктөлдү (ник: Ogoi).
Интернетте катуу аккан сууга агып бараткан иттин куткарылган видеосу популярдуу болууда. Маалыматтарга караганда, окуя Аргентинадагы провинциялардын биринде болгон.
Анда иттердин ээси сейилдеп бара жатып таякчаны иттердин бирине ыргытат. Агын сууга түшүп кеткен таякчанын артынан секирген итти да суу агызып кетет. Ошол учурда экинчи ит анын жээкке чыгуусуна жардам берет. "Чыныгы досуң болсо, сууга аккан да коркунучтуу эмес" деген билдирүүлөрдү калтырышууда колдонуучулар.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.