"Ош шаарында коомдук унааларда жүрүү бааларын көтөрүү сунушталууда". Бул маалыматты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мындай өтүнүч менен шаардагы коомдук унаалардын айдоочулары шаардык кеңештин депутаттарына кайрылышкан.
“Мурдагы баалар боюнча тапкан кирешебиз чыгымдарды жаппай жатат. Биринчиден,бензиндин баасын эске алдык, башка нерселердин да баалары кымбаттоодо. Мектеп окуучулары үчүн төлөм мурдагыдай 1 сом боюнча эле калат. Кичи автобустарда жол жүрүүдөгү бааны 10 сом, автобус үчүн 8 сом, троллейбус үчүн 6 сом кылуу сунушталууда. Пенсионерлер жана майыптар үчүн жол киренин баасы мурдагы бойдон эле калат”,- дейт шаардагы Коомдук транспорт агенттигинин жетекчиси Искендер Жороев.
Белгилей кетсек, учурда Ош шаарынын жүргүнчүлөрү кичи автобустарда 8 сом, троллейбустарда 4 сом жана автобустарда 6 сом төлөшөт.