"Кытай Кыргыз өлкөсүнө көп насыя, бирок аз грант берип жатат", - деди бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын отурумунда депутат Улан Примов.
Анын айтымында, Кытай Кыргыз Республикасына 2 миллиард 100 миллион долларга жакын насыя жана 72 миллион доллар грант берген. "Гранттын көлөмү 5 пайызга да жетпей жатат. Ал эми эл аралык демөөрчү уюмдар жардам катары бизге көбүрөөк грант берип турушат. Орусиянын да Кыргыз өлкөсүнө берген гранттарынын көлөмү чоң", - деди Примов.
Каржы министри Адылбек Касымалиев депутат көтөргөн маселеге так жооп бере албады. "Кытайдын саясаты ушундай экен", - деп жооп берди чиновник.