УКМК: Боинг учагындагы жүктүн 1,9 тоннасы кыргыз фирмасына таандык болгон

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 16-январда кулаган Боингдеги жүк боюнча билдирүү жасады. УКМК тастыктагандай, "Манаска" конууну көздөгөн учакта Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамы менен такай жүк ташылып жүргөн. Кырсык болгон күнү бортто 76 тоннадан ашык жүк болгон (турмуш-тиричилик техникалары, уюлдук телефон жана башкалар).

Учактагы жалпы жүктүн 1 тонна 902 килограммы Кыргыз жериндеги "JTI Kazakhstan LLC" компаниясынын өкүлчүлүгү тарабынан буюртма кылынганы белгилүү болду. Бул жүк - электрондук от тутанткычтар (USB-зажигалка) болгон, учак Стамбулга конгондон кийин от тутанткычтар кайра Бишкекке жөнөтүлмөк экени айтылат маалыматта. Тагыраагы, бул 2 тоннага жакын жүк 2017-жылдын 19-январында Стамбул-Бишкек маршруту боюнча ТК 6528 каттамы менен ээсине жеткирилмек. Бул маалымат "Turkish Airlines" авиакомпаниясынын өкүлчүлүгү тарабынан тастыкталганы айтылды. Калган товарлар да Стамбулга жеткирилгенден кийин башка өлкөлөргө жөнөтүлмөк.

"Кыргыз аэронавигация" мекемесинин маалыматы боюнча, Гонконг-Бишкек-Стамбул маршруту боюнча ТК 6491 каттамындагы учак 2016-жылдан 2017-жылдын 16-январына чейин Бишкекке 49 жолу конгон. Учакта Бишкектен жүк түшүрүү же жүк жүктөөгө укук болбогону, Стамбулдан Бишкекке учуп келген 2 учкуч бул күнү Гонконгдон чыгып Бишкекке конуучу учактагы экипажды алмаштыруу үчүн "Манаста" күтүп турганы айтылат.

Ал эми от тутанткычтарды буюртма кылган "JTI Kazakhstan LLC" компаниясынын Кыргыз жериндеги өкүлчүлүгү "Japan Tobacco International SA" компаниясынын филиалдарынын бири экени аныкталган. "JTI Kazakhstan LLC" компаниясынын Кыргыз жериндеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси от тутанткычтар "JTI Kazakhstan LLC" компаниясынын Алматыдагы башкы кеңсеси тарабынан буюртма кылынганын, товарды сатыкка чыгаруу максаты болбогонун айтууда. От тутанткычтарды соода өнөктөштөргө белек катары берүү планы болгон деп түшүндүрүлүүдө.

УКМК кырсыктын жагдайларын толук иликтөө үчүн тийиштүү иштерди улантып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Seiil.94
2017-01-27 12:39:41
ХХХ муйузу курчуй берсин.
+2
Revolyutsiya
2017-01-27 12:56:53
Жуктун 1,9 тоннасы гана эмес, басымдуу болугу Кыргызстанда кала турган жук болуучу. Болгондо да бул жук бийликке караштуу контрабандалык жук болгон. Бийлик эми ар созунон чалынып турдуучо маалымат берип жатат. Бийлик баштан аяк ууру-каракчы, контрабандачылардан куралган десем айрым наивныйлар ишенишпейт. Бул бийлик толугу менен алмашышы керек. Же силерге контрабандачы ууру бийлик керекпи?!!!!
+19
anyshka
2017-01-27 13:08:12
Revolyutsiya, Ак соз! Кошулам.
+7
ulchana
2017-01-27 13:12:48
Жук кимдики болгон учурда да Козу откон адамдардын арбагы тынч койбосо экен.Кородо малыбыз олуп калса канча болобуз эх...
+10
magnat1013
2017-01-27 13:31:49
Биз куйоом экообуз Атамбаев элдин алдына чыкпай жукту кантип актап чыгабыз деп ойлоп план тузуп жатса керек деп ойлогонбуз, бул нерсе апендиге да тушунуктуу да, бул бийликтин дагы бир жолку инценировкасы, муну менен актанып кетишпейт, элди алдаса кудайым тободо карап турат, курман болгондордун арбагы урсун элди алдагандарды. Бул жакта туруп журок сыздайт, кантип коркпой алдап жатышат, эмнеге ошондо чиновник депутаттардын арасында Текебаевден башка Кыргыз деп куйгон патриот жок бизде)))
+14
A.Alymbek
2017-01-27 13:33:35
Кыныр иш Кыргыстанда 40 жылда эмес -40 кунго жетпей эле билинет.ТВдан тынбай айтып жатышты го, элдин башына кайгы тушуп жатса Текебаев саясий упай топтоп жатат деп. Кыргызстанга жуктун тиешеси жок деп айтып жаткандар , эмне деп жооп беришет болду экен.
+12
cher2
2017-01-27 14:03:24
Атамбаев бишкекте туруп Дача сууга кадам басып койбоду.... Жалгандан эле кудайды кошуп суйлойт...
+6
Zaika10
2017-01-27 14:06:16
Аша не кылаарын билбей ушул жалганды ойлоп тааптырда акыры,дагы чыгат былыктары,бул бир чети.Бул бийлик алмашкыча байкуш элим алданып журо берет! Кан жутуп,ант ичип келген баскынчы бийлик каза болгондордун арбагы урсун!Админ туболук банга айдаса да мейли алкаш кетсе бардык кесепеттер кошо кетмек.
+10
nargis
2017-01-27 14:14:14
85 тонна жук болгон деп огуган элем эми75тонна деп жазыпсынар бул кандайча ?
+4
barakcha
2017-01-27 14:30:30
nargis,эмкиде ошол сыяктуу болчу дешет.
+2
kokboru
2017-01-27 14:38:25
Бир ааз шашылып калды да. Бирок азаттыка ишенебиз,алар дагы изилдеп элге чындыкты айтып,жазып чыгарышат
+2
Bubu88
2017-01-27 15:26:32
Охооооооо кандай гана эксперттер отурат оллло кыйын экенсинер өзүңөр барып изилдеп чындыкты таап чукуп чыкпайсынарбы тим эле Американын эксперттеринен да өтүп кетипсинер го
-4
arena2014
2017-01-27 15:41:24
Ажо менен бир кундо келген жук озуно эле таандык болуш керек баары эле?
+4
nurik_sadyrov
2017-01-27 16:01:16
Буга окшогон кыныр иштерди Текебаевден башка эч ким айта албайт, кана бапылдаган популисттер чындыкты билип турушса да ооздорунан Оо деген соз чыккан жок, АША да кабар алып койгон жок, туштон кийин гана кабыл алып. Вообще логикага жатпаган нерселерди айтып чыгышат. Дагы да Ким жаман Теке жаман. Кыргыз тарыхындагы бардык Текебаевдей адамдар бийлик тарабынан кысымга алынып келген....
+4
altunbek78
2017-01-27 19:10:45
Эртеби кечпи бары ачыкка чыгат, 16.01 болгон, бугун 27.01, 11 кундон бери ушул шылтоону окшоштуруп айтыштыбы, буга ким ишенет, кыргыз эли изилдеп бутуп койду. Ал жукту эмне бекер ташыйт бекен стамбулга алпарып кайра КР алып келгидей, бул дагы макалга туура келет да "соз таппасан сыйпалап кал" деген. Азаттыктын ошол корсотуусундо кочодо агып жаткан авиякеросинди кордунор беле, азыр элдер ууланып жытына чыдай албай жатышат, ошону К. Боронов айтып жататко авиякеросин тогулгон эмес биз кую
-1
Bubu88
2017-01-27 20:14:24
Ойубуз тетири ниетибиз жаман и жашообуз да ошого жараша бүт тескери келгиле жаман ойдон арылып ниетибизди туздойлу ким күнөөлүү болсо бир күн болбосо сөзсүз бир күнү ачыка чыгат күнөөлүүлор жазаларын алышат шибегени капка ката албайсың дейт анын сыңары күнөөлүү адам да эч убакта жазасыз калбайт кан коё бербейт эртең болбосо сөзсүз бурсугуну ким кылган болсо ошол башы менен жооп берет биз канчалык жамандап сөз кылган сайын алар куноолорунон тазаланып атат алардын күнөөсүн биз өзүбүзгө алып атабы
-2
Revolyutsiya
2017-01-27 21:40:40
Bubu88, биз акты ак,караны кара деп оз аты менен атап жатабыз, башкалардай быкшыган оттой тутоп сасыбай....
-1
Bubu88
2017-01-27 22:02:28
Revolyutsiya, сен кайдан билесиң кара экенин же көзүн мн кордунбу устудо жазылып турат го ким заказ кылганы и канча тонна и кантип келеери кыргызстанга
0
iasin
2017-01-28 15:40:30
Казак фирма ишкерлерине зажигалка, USB шунурларын белеке берип аткандарын элестетип атасыңарбы. ЖОМОК!!! Неси болсо дагы АША репутациясын дагы жоготту да..
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан