Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 27-январдагы жыйынында Кыргыз өлкөсү 25 жыл ичинде алган насыялар жана гранттар маселеси каралууда.
Анын жүрүшүндө депутат Мурадыл Мадеминов карызга алынган акча каражатынын канчасы пайдалуу жана пайдасыз иштетилгенин сурады: "Өкмөт алынган карыз канчалык пайдалуу иштетилгени боюнча анализ жүргүзүп жатабы?"
Каржы министри Адылбек Касымалиев бул суроого жооп бере алган жок. "1992-жылдан бери көп насыялар алынды. Ар бир министрликте карыздар боюнча жооп бере турган агенттик болот. Насыя төлөнүп бүткөндөн кийин отчёт бериши керек", - деди министр.
Депутат Мадеминов мындай жоопко канааттанган жок. "Сиз өлкөбүздүн карызы боюнча интернеттен же гезиттен окуп жатасызбы? Карызыбыз 4 миллиард долларга жетип калды. Убагында карызга алынган акчаны жегендер болгон", - деди депутат.
"Насыялардын көпчүлүгү жолдорду курууга, энергетика тармагына бөлүнүп, өз пайдасын берип жатат", - деп кыскача жооп берди Касымалиев.