КРнын Коргоо кеңешинин катчысы жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы кыргыз-тажик чек арасында жолугушуу өткөрөт

Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы менен Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы жай айларында кыргыз-тажик чек арасында жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев билдирди. Айтымында, кыргыз-тажик чек арасында чечилбеген бир нече көйгөйлөр бар. Жолугушууда ошол көйгөйлөр тууралуу сөз болот. “Жайыттарды, сууларды колдонуу боюнча бир нече маселелер бар. Биз аларды чечүү боюнча тиешелүү иштерди алып барып жатабыз”,- деди Табалдиев. Ошондой эле Баткенде 27-апрелде орун алган чыр-чатак чечилгенин, азыр кооптуу жагдай жок экендигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан