Оштогу Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери “Келечек” балдар борборуна жардам беришти

Ош шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери 1 күндүк айлык маяналарын аталган шаардагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борборуна которду. Бул тууралуу аталган башкармалыктын жетекчиси Алимбай Кадыров билдиргенин шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Айтымында, кызматкерлер апрель айындагы маянасынан каражат бөлүп беришти. Эске сала кетсек, 24-апрелде аталган борбордо өрт чыгып, имараттын чатыры күйүп кеткен.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан