Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Армения Республикасынын Борбордук банкынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Маалым болгондой, 26-январда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен Армениянын Борбордук банкынын төрагасы Артур Жавадян жолугушуу өткөрүштү. Анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Армениянын Борбордук банкынын ортосундагы өз ара байланыштарынын орчундуу маселелери талкууланды.
Жолугушуу КРнын Улуттук банкынын делегациясынын Арменияга болгон иш сапарынын алкагында өттү. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки тараптуу кызматташтыктын кеңири тармактагы суроолору боюнча тажрыйба жана пикир алмашуу болду.
Ошондой эле каржы-насыялык мекемелердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу көзөмөл жүргүзүү, төлөм системин жакшыртуу, заманбап маалымат технологиясын колдонуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери көтөрүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында КРнын Улуттук банкы менен Армениянын Борбордук банктарынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.