Кыргыз Республикасында февралда күйүүчү майдын баасы арзандашы күтүлүүдө. Маалыматты өкмөт бүгүн, 30-январда таратты.
Казакстандын аймагы аркылуу поезд менен Орусиядан Кыргыз жерине ташылчу товарлар боюнча тарифтер ылдыйлаганына байланыштуу күйүүчү майдын баасы 2-2,5 сомго арзандашы күтүлүп жатат. Соңку 3 айда Орусиянын мунай заводдорунда баа кымбаттаганынан улам Кыргыз жеринде да баа өскөнү айтылды. Кыргыз мамлекетинде бензин жана дизель майынын баасы 11 пайызга өскөн. 2016-жылдын октябрынан 2017-жылдын январына чейин Орусиядан күйүүчү майларды дүңүнөн сатып алуунун баасы 10 пайыздан 18 пайызга чейин жогорулаган.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун билдиришинче, 2017-жылкы жазгы талаа иштерине 100 миң тонна дизель майы, 26 миң тонна бензин жумшалары каралууда. Премьер күйүүчү майлардын баасынын кескин көтөрүлүп кетишин болтурбоо үчүн тийиштүү органдарга тапшырма бергени айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Бишкектеги автоунаага май куюучу жайларда 30-январга карата баалар мындай:
АИ-98 - 45 сом 00 тыйын;
АИ-95 - 42 сом 00 тыйын;
АИ-92 - 39 сом 50 тыйын;
АИ-95 - 41 сом 00 тыйын;
АИ-92 - 39 сом 00 тыйын;