ИИМ: "Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы боюнча 8 кылмыш иши козголду"

"Учурда Баткен облусундагы коомдук-саясий кырдаал туруктуу жана көзөмөлгө алынган". ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 27-апрелдеги кыргыз-тажик чыр-чатагын жөнгө салуу үчүн 28-апрелде ИИМдин орун басары Курсан Асанов окуя болгон жерге барды. 3 миңден ашык эл  менен жолугушуп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле Тажикстандын Согди облусунун губернатору А.Сангинов да жолугушууга катышып, түшүнбөстүктөрдөн улам чыккан окуялар боюнча чогулган элден кечирим сурап, кетирилген материалдык зыяндарды төлөп берерин баса белгиледи. 

 

ИИМ билдиргендей, учурда аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык), 174-беренеси (атайылап мүлктү бузуу) жана 234-беренеси (зөөкүрлүк) сыяктуу беренелер боюнча 8 кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүп баштады. Ал эми Баткен облусунун аймагындагы кырдаал милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан