Мектеп аймагына эми чоочун адамдар киргизилбейт

Мектептердин аймагына чоочун кишилердин кирүүсүнө тыюу салынышы керек. Бул тууралуу 30-январда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мектептерде көзөмөл-өткөрүү системи ишке киргизилмекчи. Эгер мектептин коопсуздук кызматын жалдап, ага акча төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбосо, анда мектеп директору мугалимдер же мекеме кызматкерлери арасында нөөмөт кызматын уюштурушу шарт.

Министрлик мугалимдер менен ата-энелердин жоопкерчилигин да эскертти. Окуучу сабакка келбей калса, мугалим баланын эмне үчүн келбей калганын ошол күнү тактоого милдеттүү. Окуучу "жүйөлүү себептер менен" деп сабакты 3 күндөн көп калтырса, бул жүйө ата-эненин мектеп директоруна жазган арызы же тийиштүү медициналык ырастама менен тастыкталышы керек. Ыкчам чара көрүү жана маалымдоо үчүн класс жетекчиде окуучусу тууралуу так жана толук маалымат болушу шарт: үйүнүн дареги, ата-энесинин телефон номурлары. Мугалим окуучунун ата-энелери жана ата-энелер комитети менен дайым байланышта болсун деген талап коюлууда. Ата-энелер чогулушунда милдеттүү түрдө ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу сөз болуп, анда баланын саат 22:00дөн кийин көчөдө жүрүшү боюнча ата-энелердин мыйзам алдында жоопкерчилиги түшүндүрүлсүн деген да талап коюлуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан