"Азиз Батукаевге коюлган диагноздон эксперттик топ жана депутаттык комиссия күмөн саноодо". Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде депутаттык комиссиянын мүчөсү Ташполот Балтабаев билдирди. Айтымында, "мыйзамдагы уурунун" медициналык документтеринде ак кан боюнча эч кандай диагноз, болжолдуу маалымат да жазылган эмес. “Диагноздо гастрит, циррозго өтүп кетүүчү гепатит, пиелонефрит, анемия оорулары көрсөтүлгөн”, - деди эл өкүлү. Ошондой эле Ташполот Балтабаев сейфте кандагы рак тууралуу коюлган диагноздун негизинде мазок сакталып тургандыгын билдирди. "Азыр биз бул кандын ДНКсын Батукаевдин каны менен салыштырышыбыз керек. Бул чын эле анын анализи экендигинен күмөн санап жатабыз. Себеби рак тууралуу диагноз койгонго чейин андан ак кан оорусунун эч кандай белгилерин табышкан эмес”, - деди депутат.