УКМК Аида Саляновага ачылган кылмыш иши боюнча териштирүүнү улантууда

Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу боюнча мурунку юстиция министри Аида Саляновага ачылган кылмыш иши боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети териштирүүнү улантууда. Бул тууралуу 30-январда SUPER.KG порталына УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Ал тастыктагандай, убагында Салянова тарабынан Елисеевдин лицензиясы мыйзамсыз узартылганы УКМКнын териштирүүсүндө аныкталды.

Белгилей кетсек, Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун 2016-жылдын 26-декабрында Башкы прокуратура маалымдаган. Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, териштирүүнү Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы жүргүзүп жаткан. Жакында УКМК “Мегаком” чырына байланыштуу ишти тергөөнү өз колуна алган, муну менен бирге Башкы прокуратура Елисеевдин лицензиясы боюнча Салянова ачылган кылмыш ишин да УКМКга өткөрүп берген.

Мындан кийин УКМК билдирүү жасап, "Мегаком" чуусу боюнча териштирүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялаган. Анда 2010-жылы жогорку кызматта турган айрым адамдар "Мегакомдун" акциялары боюнча чет элдик "Penwell Business Limited" компаниясынан ири суммада пара алганы аныкталганы айтылат. Депутат Өмүрбек Текебаевдин акча алганын айтып мурунку депутат Өмүрбек Абдрахманов да ММКларга маалымат бергени белгиленет УКМКнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан