Алмазбек Атамбаев: "ШКУнун саммитин Бишкекте өткөрүүдө коопсуздук маселеси башкы мааниге ээ болуш керек"

"Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин Бишкекте өткөрүүдө жана ага даярдыктарды жүргүзүүдө коопсуздук маселелери негизги мааниге ээ болушу керек". Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде президент Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларынын Бишкекте өткөн жыйынында айтты. Президент белгилегендей, өлкөлөр өз күчтөрүн бириктирүү менен гана коопсуздукту камсыз кыла алышат жана конфликттерди алдын алууга болот.  

 

Буга Ворух анклавындагы жаңжалдар мисал боло алат. Кыргызстандын жана Тажикстандын коопсуздук кеңештеринин катчыларынын тыгыз иштеринин натыйжасында тез чечим кабыл алынды. Биргелешкен аракеттер менен гана биз бардык маселелерди натыйжалуу жана тез чече аларыбызды көрсөттү. Албетте, жакынкы мөөнөттөрдө чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо маселелерин чечүүнү каалап жатабыз. Келечекте ШКУга кирген мамлекеттер ортосунда мындай суроолор болбошу керек”,- деди өлкө башчы.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан