Нарында "бажасын бычак менен сайып өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды

Нарында "бажасын бычак менен сайып өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 29-январга караган түнү Ат-Башы районунун Биринчи Май айылынын 29 жаштагы К.А. аттуу тургунунун сөөгү табылган. Ошол түнү бир тууган бажасы, Ысык-Көл районунун 35 жаштагы И.Э. аттуу тургуну экөө спирт ичимдигин ичип отурушуп өз ара чырдаша кетишкен. Чыр-чатактан улам И.Э. К.Аны ашкана бычагы менен сол төшкө бир жолу, сол кабырга тушка эки жолу сайып жиберген. Окуя болгон жерден И.Э. өзүнүн жана аялынын уюлдук телефонун жана К.Аны сайган бычакты алып белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул фактынын негизинде “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелген жаран Кочкор районунун "Сары-Чат" постунан кармалган. Ал Нарын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bubu88
2017-01-30 18:36:04
Тооба кылдым
+3
bond02
2017-01-30 21:45:21
Бажа бажаны коргондо башы кычышчу эле го.
0
jakilik
2017-01-31 01:36:16
bond02,
Азыр колу кычышып калган турбайбы,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан