Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов борбор калаада жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 2 ардагеринин үйүнө барып, алардын ал-абалын сурады. Алар - Георгий Бутов жана Тимофей Сергеев. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, шаар башчысы баарлашуудан соң ардагерлерге 10 миң сомдон акча жана азык-түлүк тапшырды. Ошондой эле жакын арада дагы 2 ардагердин үйүнө суу түтүктөрүн киргиздирип берерин айтты.