Кыргыз жеринде да "өспүрүмдөрдү өзүнүн жанын кыюуга үндөйт" делген оюн жайыла баштады

Социалдык тармактардагы "өлүм топторуна" кошулгандар өзүнүн өмүрүнө кол салышары тууралуу айтылып келет. Өткөн жуманын аягында кыргыз интернет колдонуучуларын "өлүмгө түртөт" делген оюнга коңшу Казакстандын өспүрүмдөрү кошулганы кабатыр кылса, бүгүнкү күнү оюн Кыргыз жергесинде жайылганын айтып коңгуроо кагышууда.

Бул оюн учурда ВКонтакте жана Инстаграм колдонуучуларынын арасында ойноло баштады. Оюнчулар өздүк баракчасына #Разбудименяв4:20, #синий кит, #явигре, #тихийдом, #хочувигру, #F57, #ждуинструкцию деген хештегдерди жазып, киттин сүрөтүн илишет. Андан соң ага кимдир бирөө байланышка чыгып, 50 күн бою ар кандай буйруктарды берет. Оюндун эрежеси боюнча, акыркы күнү оюнчу же асынып, же бийиктиктен секирип өз жанын кыйганда гана жеңишке жеткен болот. Аталган социалдык баракчалардагы жогорудагы хештегдер менен киргенибизде кыргыз өспүрүмдөрү да оюнга кызыгып, ойноп жатышканына күбө болдук.

Бул оюнга азгырылбоого чакыргандар да бар. Алардын катарын толуктаган топ өспүрүмдөрдү коркутуу менен жанын кыйдырып жатканын жазган:

"Биз башка баракча ачып, оюнга катышып көрдүк. Хештегдер жазылган соң бейтааныш бирөө байланышка чыгып, колубузга "СинийКит" деп жазууну буюрду. Күн сайын ар кандай тапшырмалар берилди. 50-күнү тандаш керек болду: же асынуу, же бийиктиктен секирүү. Оюндун аягы - өлүм. Мен коркорумду айтсам, шилтеме келди. Аны бассам "404 баракча табылган жок" деген билдирүү чыкты. 10 мүнөт өткөндөн кийин ал мага "өзүндү өзүң өлтүрбөсөң, туугандарыңды өлтүрөм" деп дарегимди жазды. Мен ошондо өздөрү берген шилтеме менен IP дарегимди билип, провайдер аркылуу дарегимди билишкенин түшүндүм. Балдардын психикасы башкача. Алар тапшырмаларды аткара беришет, акыры коркуп жатканын айтышканда, мага жибергендей билдирүү жөнөтүшөт. Өспүрүм аны окуган соң өмүрү менен коштошо берет".

Ал эми атайын IT-адис Алтынбек Малдыбаев шилтеме менен колдонуучунун IP дарегин билсе болорун тастыктаганы менен, жашаган дарегин билүү оңойго турбасын билдирди.

"Колдонуучунун IP дарегин билүү үчүн атайын шилтемелер бар. Аны баскан колдонуучунун IP дареги гана көрүнөт. Бирок анын жашаган дарегин интернет-провайдерден гана алууга мүмкүн. Алар да ар бир кайрылган жаранга даректи бере беришпейт. Аны укук коргоо органдары же сот аркылуу алса болот", - деди адис.

Алгач "өлүм топтору" Орусияда ВКонтакте социалдык тармагында ачыла башталганын орусиялык гезит жазып чыккан. Ал макалада топко киргендердин арасынан 130 өспүрүм өз жанын кыйганын жазган автор. Бирок гезит катуу сынга кабылып, башкы редактордун орун басары жумушунан алынган. Бул окуядан 4 күн өткөн соң, 2016-жылдын 20-майында Орусия Федерациясынын Тергөө комитети "өмүрүн кыюуга жеткирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 15-ноябрда шектүү катары 1995-жылкы Филлип Будейкин кармалган. Ага жана анын шериктерине "15 өспүрүмдү өлүмгө жеткирген" деген айып тагылган. Филипп Будейкиндин айтымында, ал өзү психикалык жактан жабыркаган. Ал өзүнө коомчулукту кара күчтөрдөн тазалоо максатын койгонун айткан. Адам эмне менен алектенерин билүү үчүн Будейкин аны скайп аркылуу транска киргизип билген. Анын шериктери Будейкин өспүрүмдөрдү жанын кыюуга жеткиргенин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
esmanur
2017-01-31 11:54:38
Кудай сактасын. Кечээ 20-мектепте окугандар "класная игра" деп айтып жатышат деп келди балдар. Билим берүү министрлиги, департамент, мугалимдер, үйдө ата-энелер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп бул оюнга бөгөт коюлса экен. Балдарды бөөдө өлүмдөн сактайлы!
+14
A.Alymbek
2017-01-31 12:05:55
бул оюндарды кочуруучу ссылкаларды жабыш керек да. ГКНБ саясатка аралашп
ай ушуларды козомолдосо жакшы болмок..
+8
Tansuluu09
2017-01-31 12:09:03
Кудай сактасын.
+3
baltabai
2017-01-31 12:10:44
Kudaiym ozu saktasyn kyrsyktan
+3
Parish
2017-01-31 12:11:10
Мындай нерселерди интернетке
чыгарыштын кереги жок.
Жаап салышын отунот элем?
+5
momun74
2017-01-31 12:27:19
Балдарга кымат телефонорду эмес жонокой телфон сатып бриш керекда. кудай сактасын
+3
Totyua.71.
2017-01-31 13:50:05
Балдар жондон жон эле жанын кыйбайт бул оюн жон оюн эмес экен да психологиялык жактан балдардын ушун алып коет экен кудай сактай кор
+6
mandalak
2017-01-31 14:50:28
Аялым Инстаграмга көп олтурчу эле ))) балээ баспасын э кокуй балдарымго жаш оюндан эч нерсе билбейт вот аялыман подозрительный болуп калдымда кийинчерээк жашынып алып бир балээ кылчуу болдуда эмне кылып атасын десем эле эчтеке деп көп айтчуу болуп жүрөт да )))
+3
lady.girl7997
2017-01-31 15:56:28
Бир фильм бар элего ушундай ошону балдарынарга корсотуп койгула да акыры жакшылык мн бутпойт деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан