"Мегаком" боюнча "Ата Мекендин" 3 депутатынын “Саутфилд” компаниясына эч кандай тиешеси жок экени тастыкталды. Бул тууралуу 31-январда депутат Өмүрбек Текебаев билдирип: "Саутфилд” компаниясы боюнча маалыматтарды берчү адамга кайрылдык. Алар "силердин компанияга эч кандай тиешеңер жок, компаниянын бенефициарлары эмессиңер, андыктан силерге эч кандай маалымат берилбейт" деп билдиришти. Демек, бизди “Мегакомдун” акцияларын сатууда оффшордук компаниядан үлүш алмак деген документ жалган экени тастыкталды. Белиздин мыйзамы боюнча, эгерде биздин аталган компанияда акцияларыбыз болсо, анда компания бизге маалымат берүүгө милдеттүү болчу", - деди Текебаев.
2010-жылдан кийин "Мегакомдун" акцияларын сатуу аракети чын эле болгонун, бирок аны ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаев демилгелеп чыкканын да айтты. 2011-жылы Атамбаев Орусиянын ошол кездеги премьер-министри Владимир Путинге барып жолугуп, компанияны улутташтырбоо убадасын бергенин айтат "ата мекенчи".
Депутат Белиз окуясы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарыялаган документтер жасалма экенин кошумчалады. "Биз эмне үчүн ММКларга чыккан маалыматтарга таянып жатабыз. Анткени УКМК Белизден келди делген документтерди бизге бербей жатат", - дейт Текебаев.