Стамбулдун прокуратурасы "Ататүрк-Ала-Тоо" университетин террордук идеяларды жайылтуучу уюмдардын тизмесине кошту

Стамбулдун прокуратурасы Эл аралык "Ататүрк-Ала-Тоо" университетин террордук идеяларды таратуучу уюмдардын катарына кошту. Бул тууралуу кечээ, 30-январда түркиялык "Hürriyet" басылмасы жазып чыкты.

"Түркиянын прокуратурасы Кыргыз мамлекети, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Румыния жана башка өлкөлөрдө жайгашкан, "Фетхуллах Гүлендин террордук уюмуна тиешеси бар" делген билим берүү мекемелеринин тизмесин жарыялады. Бул окуу жайлар Гүлендин кыймылын жайылтып жаткандыгы белгиленген", - деп жазган басылма.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 16-июлунда Түркияда аскердик төңкөрүш жасалып, аны уюштурууга АКШда жашаган Фетхуллах Гүлен айыпталган.

Мындан тышкары прокуратура Түркияда Ф.Гүлендин 17 университети бар болгонун, 16-июлдагы окуядан соң алардын жабылганын белгилеген. Жетиштүү далилдердин бар экендиги айтылып, террордук уюмга мүчө деп шектелгендерди 7,5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу талабы коюлган. Гүлендин уюму 2002-2013-жылдары 8500 окутуучуну университеттерге жумушка киргизгени айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкектеги Эл аралык "Ататүрк-Ала-Тоо" университети 1996-жылы ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
arzygulR
2017-01-31 14:20:46
Тушунбой калдымбы ошондо не болуп кетет
+1
Lion.
2017-01-31 14:26:27
Ата турк ала-тоо менен Манас университети эки болокпу?
0
esmanur
2017-01-31 14:33:12
Lion.,албетте эки башка
+1
nurbek11
2017-01-31 14:49:10
Ооба Манас мамлекеттик университет. Ала-Тоо Ататурк университети Фетонун менчик университети.
+1
Bakyi
2017-01-31 22:02:46
Албетте жабыш керек бул окуу жайды
Бизгеда баш ооруу болбосун кийин
+1
1Adilet1
2017-02-01 07:41:10
Мен быйыл тапшырайын деп аткам эми не болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан