Бүгүн, 31-январда Бишкектеги мейманканалардын биринде өлкөдөгү ВИЧ илдетине кабылган жарандардын көйгөйлөрү, оорунун алдын алуу, дарылоо жолдору талкууланган жыйын болуп өттү. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, өкмөттүн, президенттик аппараттын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Бишкектеги Наркология борборунун директору Руслан Токубаев өлкөдөгү баңгизатын колдонгондор азайганын айтып, буларды билдирди:
"Республика боюнча баңгизатын колдонгондордун саны азаюуда. Мурунку жылдары расмий катталгандардын саны 11 миңден ашуун болсо, азыр 8 миңдей. Ал эми 3,5 миңдейи Бишкек шаарында катталган. Бул расмий маалымат, так канча экени белгисиз. Биздин борбордо баңгизатын колдонгондорду дарылоо максатында метадон берилет. Аны бейтап күн сайын акысыз кабыл алат. Бул алардын кадимкидей жашоо кечиришине шарт түзөт, бирок аны колдонуу пайдалуу деп айта албайм. Негизи, героинди да, метадонду да колдонбоо зарыл. Бирок айла жок, баңгизатын колдонуудан келип чыккан түрдүү кесепеттердин алдын алуу, дарылоо максатында колдонулат".
Руслан Токубаев: "Баңгизатын колдонгон адам өнөкөт оору менен ооругандай эле. 5, 10 жыл, жадакалса 15 жыл колдонбой жүрүп, бир күнү кайра берилип кетиши мүмкүн. Эрки күчтүү адам гана баарын жеңе алат", - деп кошумчалай кетти.